Польша Түркиядан куралдуу учкучсуз аба аппаттарын сатып алат
Польша Түркиядан 24 Байрактар ТБ2 куралдуу учкучсуз аба аппаратын сатып алат. 2022 – жылы биринчи партиянын тапшырылары билдирилди.
Польша Түркиядан 24 Байрактар ТБ2 куралдуу учкучсуз аба аппаратын сатып алат. 2022 – жылы биринчи партиянын тапшырылары билдирилди.
Польшанын президенти Анджей Дуданын 24 – 25 - майдагы Түркия сапарында келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.
Польшанын коргоо министри Мариуш Блашак өлкөсүнүн 24 даана Байрактар ТБ2 куралдуу аба аппараттарын ок – дарысы менен кошо алышарын билдирди. Бир радио программасына катышкан Блашак : «4 комплект башкача айтканда 24 даана Байрактар ТБ2 учкучсуз аба аппараты боюнча келиштик»,- деди.
«Польшанын армиясын Байрактар менен күчтөндүрөбүз. Далилденген курал, кол салуучуну баш тарттыруучу курал»,- деп мактаган Блашак келишимдин логистикалык жана окутуу пакетин да камтыгандыгын баса белгиледи.
Байрактар ТБ 2нин Польшага барышы менен биринчи жолу бир НАТО мүчөсү Түркиядан куралдуу учкучсуз аба аппаратын алган болот.