Министр Акар: «121 террорист таасирсиз кылынды»

Түрк куралдуу күчтөрүнүн бирден-бир бутасы террорист экендигин баса белгилеген министр Акар борбор шаар Анкарада билдирүү жасады.

1642713
Министр Акар: «121 террорист таасирсиз кылынды»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, «Чеңгел-Чагылган» операцияларында 121 террористтин таасирсиз кылынгандыгын билдирди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн бирден-бир бутасы террорист экендигин баса белгилеген министр Акар борбор шаар Анкарада билдирүү жасап, «Мехметчик террористтердин уяларын талкалоону улантууда. Учурда 121 террорист зыянсыздандырылды. Биз террористтер менен күрөшүп жатабыз. ПКК / ЙПГ террористтер, ДАЕШ террористтер жана булардын биздин персоналыбызга, мамлекетибизге, улутубузга жана чек араларыбызга келтирген зыяндарынын алдын алуу үчүн биздин аскерлер, десанттар, аба күчтөрүбүз эмне кылышыбыз керек болсо, ошонун бардыгын жасашты жана жасоону да улантууда»,-деди.

Эгей, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Кипрдеги окуяларга токтолгон Хулуси Акар: «Биз эл аралык мыйзамдарга ылайык жана жакшы коңшулук мамилелерге карата грек коңшуларыбыз менен диалогдо көйгөйлөрүбүздү чечүү боюнча аракеттерибизди улантып жатабыз. Кеңеш берүүчү сүйлөшүүлөр жана бөлүштүрүү боюнча боюнча сүйлөшүүлөр башталып, уланып жатканда, биз ишенимди бекемдөө иш-чараларынын алкагында алыстан болсо дагы, кийинки жумада грек кесиптештерибиз менен жолугушуу өткөрөбүз. Төртүнчү жолугушууну Анкарада өткөрүшүн күтүп жатканыбызды дагы бир жолу билдиребиз»,-деди.

Министр Акар Израилдин Газага жасаган чабуулдарына токтолуп, «Израиль башкаруучулары адам укуктарын эске алышы керек, эл аралык мыйзамдарды сыйлашы керек жана палестиналык боордошторубуздун укуктарын сыйлашы керек. Ушундай мыкаачылык менен ырайымсыздыктын артынан ээрчип, ар дайым айткан «адам укуктарын жана эл аралык мыйзамдарды» унуткан дүйнөлүк коомдук пикирден жана өлкөлөрдүн башкаруучуларынан ушул маселени кылдаттык менен карашын күтөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар