BioNTech/Pfizer Түркияга 90 миллион доза вакцина берет

Билдирүүдө 2021-жылы жалпы 120 миллион доза вакцинанын таратылышы күтүлүп жаткандыгы маалымдалды.

1642652
BioNTech/Pfizer Түркияга 90 миллион доза вакцина берет

Түркия, Американын фармацевтикалык компаниясы Pfizer менен Германиянын BioNTech биотехникалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан коронавирус (Ковид-19) вакцинасынан жалпы 90 миллион доза кошумча вакцина сатып алат.

Pfizer жана BioNTech компанияларынын билдирүүсүндө, буга чейин түзүлгөн келишимдин негизинде макулдашылган 30 миллион дозанын үстүнө Түркияга 30 миллион дозасы опциондуу жалпы 90 миллион доза кошумча вакцина жөнөтүлө тургандыгы белгиленди.

Билдирүүдө 2021-жылы жалпы 120 миллион доза вакцинанын таратылышы күтүлүп жаткандыгы маалымдалды.

Biontechтин башкы жетекчиси жана негиздөөчү өнөктөшү профессор Угур Шахин билдирүүсүндө, алардын максаты дүйнө жүзүндөгү адамдарга эпидемияны токтотуу, ооруканага жаткырууларды азайтуу жана кадимки жашоого кайтууга жардам берүү үчүн мүмкүн болушунча көп Ковид-19 вакциналарын берүү экендигин айтты.



Тектеш кабарлар