Калын Израилдин кол салууларында көз жумган балдардын ысымдарын жарыялоого чакырды

Калын Твиттерде англис тилинде видео бөлүштү.

1641832
Калын Израилдин кол салууларында көз жумган балдардын ысымдарын жарыялоого чакырды

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Израилдин Газага жасаган кол салууларында көз жумган балдардын ысымдарын социалдык медиадан жарыялоого чакырды.

Калын Твиттерде англис тилинде бөлүшкөн видеодо, Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында ушул кезге чейин 61 баланын каза болгонун кабарлап, алардын бири дагы террорист же аскер эмес экендигин баса белгиледи.

Басма сөз катчы Калын, Израиль тарабынан өлтүрүлгөн 4 жаштагы баланын ысымын бөлүштү.

Өлтүрүлгөн баланын эч качан ойгоно албай тургандыгын айткан Калын, бул балдардын ысымдарын бөлүшүүгө чакырып: «Алардын ысымдарын айткыла жана башкаларга билдиргиле», деди.


Этикеткалар: #Израилдин Газага

Тектеш кабарлар