Челик АКШга каршылык көрсөттү

Челик Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, президент Эрдоганды антисемитизм менен айыптоонун акылга сыйбаган жана туура эмес мамиле болгонун белгилеп: «Бул биздин президент жөнүндө айтылган жалган»,-деди.

1641926
Челик АКШга каршылык көрсөттү

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, АКШнын Мамлекеттик департаментинин президент Режеп Таййип Эрдоганга багыттаган билдирүүсүн кескин айыптагандарын билдирди.

Челик Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, президент Эрдоганды антисемитизм менен айыптоонун акылга сыйбаган жана туура эмес мамиле болгонун белгилеп: «Бул биздин президент жөнүндө айтылган жалган»,-деди.

Президенттин антисемитизмге каршы абдан күчтүү билдирүүлөрдү бергенин жана улантарын баса белгилеген Челик, Израилдеги Нетаньяху өкмөтүнүн зулумуна колдоо көрсөткөндөрдүн өз абийиринин таза эместигин Эрдоган жөнүндө калп айтуу менен жабуу мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Түрк жөөт коомчулугу дагы, АКШнын Мамлекеттик департаментинин президент Эрдогандын жөөттөргө каршылыгы бар деген билдирүүсүнө реакция кылышты.

Түрк жөөт коомчулугунун социалдык медиа баракчасынан жасалган билдирүүдө: «Президент Эрдоганды жөөттөргө каршы деп айтуу адилетсиз жана өтө уят. Тескерисинче ал ар дайым бизге карата конструктивдүү жана колдоочу болуп келген»,-деди.



Тектеш кабарлар