Чавушоглу азербайжандык кесиптеши менен сүйлөштү

Эки министр телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1641935
Чавушоглу азербайжандык кесиптеши менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Чавушоглу менен Байрамов Азербайжандын Кошулбоо кыймылына төрагалыгынын алкагында Палестинадагы кырдаалды талкуулашты.

Мындан тышкары сүйлөшүүдө Тоолуу Карабахтагы акыркы абал боюнча пикир алмашылды.


Этикеткалар: #Кошулбоо кыймылына

Тектеш кабарлар