Сойлу Улуттук чалгындоо уюмун (MİT) жана Түрк куралдуу күчтөрүн (TКK) куттуктады

Сойлу Твиттердеги эсебинде ПККнын Сирия боюнча жалпы жооптуусу «Софи Нуреттин» каймана аттуу террористти таасирсиз кылуу тууралуу билдирүү бөлүштү.

1641236
Сойлу Улуттук чалгындоо уюмун (MİT) жана Түрк куралдуу күчтөрүн (TКK) куттуктады

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу жикчил террордук уюм ПККнын мүчөсү «Софи Нуреттин» каймана аттуу террористти таасирсиз кылгандыгы үчүн Улуттук чалгындоо уюмун (MİT) жана Түрк куралдуу күчтөрүн (TКK) куттуктады.

Сойлу Твиттердеги эсебинде ПККнын Сирия боюнча жалпы жооптуусу «Софи Нуреттин» каймана аттуу террористти таасирсиз кылуу тууралуу билдирүү бөлүштү.

Сойлунун билдирүүсүндө, Түркиянын чечкиндүү позициясын жана Башкы командир президент Режеп Таййип Эрдогандын эрктүү талабы менен Софи Нуреттиндин таасирсиз кылынганы баса белгиленип,«Үңкүрдөн башын чыгара албаган башка корбашыларга сабак болсун. MIT жана TККны куттуктайбыз»,деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар