Тышкы иштер министри Катар, Палестина жана пакистандык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүлөрдө Палестинада болгон акыркы абалдар менен бул тууралуу эл аралык тармакта таштала турган кадамдар талкууланды.

1640380
Тышкы иштер министри Катар, Палестина жана пакистандык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Палестина тууралуу телефон дипломатиясын улантууда.

Дипломатялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу жекшемби күнү онлайн режимде өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Аткаруу Комитетинин жыйынынан кийин Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Ел Сани, Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ел  -  Малики жана Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдө Палестинада болгон акыркы абалдар менен бул тууралуу эл аралык тармакта таштала турган кадамдар талкууланды.

10 -  майдан бери Израилдин абадан жана кургактыктан атуулары улантылып, блокада астындагы Газа тилкесинде ушул кезге чейин 192 адамдын каза болуп, алардын ичинен 58зи балдар, 34тү аялдар, 1253 адам жаракат алып, ондогон имарат толугу менен кыйрап жана жараксыз абалга келди.



Тектеш кабарлар