Түрк Кызылайы Палестинага алгачкы жардамды жеткирген уюм...

Бул тууралуу Түрк Кызылайы билдирди.

1637916
Түрк Кызылайы Палестинага алгачкы жардамды жеткирген уюм...

 

Израилдин Аль-Акса мечитинде жана Газада палестиналыктарга кол салууларынын натыйжасында пайда болгон медициналык жардамга байланыштуу Түрк Кызылайы Палестина Кызыл Жарым Айына 500 миң лиралык шашылыш дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жөнөттү.

Кызылайдын билдирүүсүнө ылайык, Палестина элине Кудстагы жана Газадагы туруктуу делегациялары аркылуу гуманитардык жардам иш-чараларын тынымсыз жүргүзүп келе жаткан Түрк Кызылайы, Палестина Кызыл Жарым Айына акыркы окуялардан кийин токтоосуз колдоо көрсөткөн биринчи жардам уюму болду.

Палестина Кызыл Жарым Айына кабар бергенден кийин, кудстагы делегациясы 500 миң лира дары-дармек жана шашылыш медициналык жардам жеткире баштады жана Палестина Кызыл Жарым Айына биринчи азык-түлүктөрдү жеткирди.

Түрк Кызылайы www.kizilay.org.tr сайтына «биз дагы колдогубуз келет» деген көптөгөн кайрылуулардан кийин Палестина менен тилектештик атынан жардам берүү кампаниясын баштады. Жардам берүү иш-аракеттерине берилген жардамдар Палестина эли жарыялаган муктаждыктарга жумшалат.



Тектеш кабарлар