Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа оорулардын саны бир кыйла азайганын билдирди.

1634778
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 356 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 41 миң 883 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 229 миң 491 тест жасалып, 2 миң 414 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 26 миң 476 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 35 миң 464 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 4 миллион 589 миң 501ге жогорулады.

Ошол эле учурда, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа оорулардын саны бир кыйла азайганын билдирди.

Министр Кожа:"Биз бул чаралар ушул күндөрү оор бейтаптар жана өлүмдөрдүн санына карата таасир тийгизет деп күтүп жатабыз",- деди.

Өлкө боюнча жума күндөн бери эпидемияга каршы "толук карантин" чаралары көрүлүүдө.



Тектеш кабарлар