Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Словениядагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий жолугушуулар үчүн Словенияга барып, кесиптеши Анзе Логар менен жолугушту.

1633830
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Словениядагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий жолугушуулар үчүн Словенияга барып, кесиптеши Анзе Логар менен расмий жолугушууларды өткөрдү.

Мевлүт Чавушоглу Европа Биримдигинин кийинки кезектешкен төрагалыгын аткара турган Словенияда жолугушууларын улантууда.

Министр Чавушоглу, борбор шаар Люблянада словениялык кесиптеши  Анзе Логар менен жолугушту.

Чавушоглу менен Логар делегациялар аралык жолугушуудан кийин биргелешкен пресс конференция өткөрүштү.

Мевлют Чавушоглу делегациялар аралык жолугушуунун абдан жемиштүү болгонун баса белгиледи.

Министр Чавушоглу Европа Биримдигинин айрым өлкөлөрүндө адам укуктарында көйгөйлөрдүн башталганын, исламофобиялык жана антисемиттик кол салуулардын көбөйгөнүн айтты.

Мевлют Чавушоглу : «Биз муну менен биргеликте  күрөшүшүбүз керек»,- деди.

Словениянын тышкы иштер министри Анзе Логар Чавушоглунун Ливиядагы жолугушуулары жана Афганистандагы кырдаал тууралуу маалымат бергенин айтып : «Бул биз үчүн өтө маанилүү. Ошондой эле иммиграция боюнча келишимди жаңыртуу Словения үчүн Европа Биримдигине төрагалык кылган мезгилде маанилүү пункттардын бири болот»,- деди.  

Чавушоглу жолугушууларынын алкагында Ислам коомунун төрагасы муфтий Недзад Грабус менен да жолугушту. Грабус менен жолугушуусу жөнүндө социалдык медиа эсебинен маалымат берген Чавушоглу : «Люблянадагы аогачкы мечиттин курулушу жана Ислам маданий борборунун ачылышы менен куттуктадык»,- деп билдирди.

Чавушоглу кызматынан кете турган муфтий Грабуска лидерлиги жана кызматтары үчүн ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар