Түркия Ооганстанга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

1631846
Түркия Ооганстанга көңүл айтты

Түркия Ооганстанда ифтар убагында болгон террордук кол салуудан каза тапкандарга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Ооганстандын Логар облусунун борбордук району Пули-и Алемде ооз ачуу убагында болгон бомбалуу кол салуудан орто мектептин окуучулары да арасында болгон көп сандаган кишилердин өмүрү кыйылып, жаракат алгандардын катталашынын терең кайгыга салгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө: «Биз бул канкор террордук кол салуунун күнөөкөрлөрүнө наалат айтабыз жана алардын сот алдында жоопко тартыларына ишенебиз. Кол салуудан каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандарга тезирээк сакайып кетишин каалайбыз. Ошондой эле дос жана боордош афган эли менен өкмөтүнө көңүл айтабыз»,-деген сөздөр камтылды.

Ооганстандын Логар облусунда кечээ ифтар учурунда бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган кол салууда 30 адам каза болуп, 90дон ашуун адам жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар