Эрдоган ооз ачууда жумушчулар менен жолукту
Президент Эрдоган өзү иштеп жаткан Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан чыгып, Тузла шаарында иштеп жаткан ишканага барды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Май Эмгек жана Тилектештик күнүндө ифтарда жумушчулар менен жолугушту.
Президент Эрдоган өзү иштеп жаткан Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан чыгып, Тузла шаарында иштеп жаткан ишканага барды.
Ушул жерде жумушчулар менен ооз ачкан Эрдоганды эмгек жана социалдык коопсуздук министри Ведат Билгин жана өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк коштоду.
Эрдоган ифтардан кийин жасаган билдирүүсүндө 1-Май Эмгек жана Тилектештик күнүндө Франциядагы окуяларды эскерип, «Бүгүн (кечээ) Париждин көчөлөрү кандай болуп калганын көрдүңөр. Сөз сүйлөөгө келгенде Парижди башкаргандар жана анда жашагандар бул окуяларды такыр башкача сүрөттөп беришти. Париждеги бардык дүкөндөрдүн терезелери сындырылды жана алкактары күйүп кетти»,-деди.
Түркияда эч кандай олуттуу окуя болбогонун баса белгилеген Эрдоган: «Жумушчунун ошол ыйык маңдай терин колдонууну каалагандарга биз өз өлкөбүздө мүмкүнчүлүк бербейбиз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.