Президент: «Түштүк Кипр эч качан чынчыл мамиле кылган жок»

Эрдоган Стамбулда билдирүү жасады.

1631554
Президент: «Түштүк Кипр эч качан чынчыл мамиле кылган жок»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Швейцариянын Женева шаарындагы Кипр сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу: «Мен Түштүк Кипрге ишенбейм. Алар эч качан чынчыл болушкан эмес»,- деди.

Эрдоган, Стамбулдагы билдирүүсүндө: «Эми 2-3 айдан кийинкиге калды жана мен дагы эле кандайдыр бир жыйынтыкка жетишет деп ойлобойм. Себеби алар чынчыл эмес. Калп айтышты, алдашты анын натыйжасында өткөрүлгөн референдумду да сыйлашкан жок. Алар дагы деле мурунку нерселерди жасап жатышат. Чынчыл мамиле кылганда гана бизден чынчылдыкты көрүшөт. Чынчыл мамиле кылышпаса, бир пикирге келе албайбыз»,-деди.

Түркиядагы коронавируска (Ковид-19) каршы жүргүзүлүп жаткан эмдөө процесси жөнүндө Режеп Таййип Эрдоган: «Вакцина менен камсыздоодо кандайдыр бир кыйынчылыктар болот деп ойлобойм. Бизде вакциналар жетиштүү. Россия менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Sputnik V вакцинасы келе жатат, келет», - деп айтты.

Biontech вакциналарын сатып алуу жөнүндө болсо президент Эрдоган: «Biontechтин да убадасы бар. Буюрса ал дагы келет»,-деди.

Эрдоган, ата мекендик вакцина иштери тууралуу: «Ата мекендик вакциналар боюнча биздин университеттер жана айрым фармацевтикалык компаниялар учурда интенсивдүү иштеп жатышат. Берген убадаларына караганда алар да сентябрь же октябрь айларында өндүрүштү башташат деп ишенем»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар