Түркия-Иран соода карым-катнаштары

Министр Дөнмез, Иран Биргелешкен Экономикалык Комиссиянын жыйынына видеоконференция аркылуу катышты.

1630197
Түркия-Иран соода карым-катнаштары

Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез, Түркия-Иран соода карым-катнаштарынын инфраструктурасын түзгөн Артыкчылыктуу соода келишимин кеңейтүү сүйлөшүүлөрүнүн аякташынын эки өлкөнүн негизги максаты экенин белгиледи.

Иран Биргелешкен Экономикалык Комиссиянын (БЭК) жыйынына видеоконференция аркылуу катышкан Дөнмез, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүүдө маанилүү мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтты.

Дөнмез, Түркия-Иран 28- БЭК жыйынынын алкагында кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы үчүн тиешелүү мамлекеттик жана жеке менчик сектор мекемелерине колдоо көрсөтө тургандарын айтты.  

Түркия менен Ирандын ортосундагы соода карым-катнаштарынын инфраструктурасын түзгөн жана 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген Артыкчылыктуу соода келишиминин маанилүүлүгүнө токтолгон Дөнмез, бул келишимге жаңы өнүмдөрдү кошуп кеңейтүү үчүн 6 жылдан ашуун убакыттан бери сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жаткандыгын билдирди.

Дөнмез, бул процессти эки өлкөнүн пайдасына бүтүрүү үчүн Түркия-Иран Артыкчылыктуу соода келишимин кеңейтүү сүйлөшүүлөрүнүн аякташынын негизги максат экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар