Чавушоглу 5 + БУУ жыйынына катышат

Конференция БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррештин төрагалыгы астында 27-29-апрелде Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлөт.

1628508
Чавушоглу 5 + БУУ жыйынына катышат

Кипрдеги түрк жана рум тараптар менен бирге кепил өлкөлөр Түркия, Греция, Британия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) катышуусунда эртең Швейцарияда баштала турган 5 + БУУ форматындагы Кипр боюнча расмий эмес конференцияда Түркияны тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун жетектекчилигиндеги делегация өкүлдүк кылат.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, конференция БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррештин төрагалыгы астында 27-29-апрелде Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлөт.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Кипр Рум жетекчилигинин лидери Никос Анастасиадис менен бирге кепил өлкөлөр Түркия, Греция жана Британиянын өкүлдөрүнө катышат.

Жыйында Түркияны тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жетектеген делегация өкүлдүк кылат.



Тектеш кабарлар