УКМ: «Баатыр десанттар Түндүк Иракта»
Түрк куралдуу күчтөрү, Ирактын түндүгүндөгү жикчил террордук уюм ПКК буталарына каршы операция баштады.
1627530
Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) "Баатыр десанттар Түндүк Иракта" деген билдирүүнү бөлүштү.
Министрликтин социалдык медиа баракчасында жарыяланган билдирүүдө: «Түрк куралдуу күчтөрүнүн баатыр десанттары Түндүк Иракта» деген сөзлөргө орун берилди.
Түрк куралдуу күчтөрү, Ирактын түндүгүндөгү жикчил террордук уюм ПКК буталарына каршы Метина-Зап-Авашин Басьян жана Кандил аймактарына абадан колдоого алынган кургактык операциясын баштады.
Атайын күчтөр тик учактар менен аймакка киргизилген операцияда Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар активдүү түрдө колдонулууда.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.