Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын армян террору, шейит түрк дипломаттарды эскерди

Ибрахим Калын маалыматында шейит болгон дипломаттардын ысымдарына орун берилген ай жылдыздуу видеону да жарыялады.

1627465
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын армян террору, шейит түрк дипломаттарды эскерди

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын армян террордук уюмдары шейит кылган түрк дипломаттарын эскерди. Калын твиттерден берген маалыматында буларды белгиледи : «Армян террорунун курмандыгы болгон шейит дипломаттарыбызды ыраазычылык менен эскерем. Геноцид жалганынын артына жашырынып бул жапайычылыкка кимдердин колдоо көрсөткөндүгүн билебиз. Унуткан жокпуз, унутпайбыз. Тарыхый чындыктарды бурмалагандарга каршы чындыктын тилин колдонууну улантабыз».

Калын маалыматында шейит болгон дипломаттардын ысымдарына орун берилген ай жылдыздуу видеону да жарыялады.



Тектеш кабарлар