Калын: «Биз орток тарыхыбыздын бурмаланышына жол бербейбиз»

Ибрахим Калын Твиттерден Бедрос Шириноглунун 1915-жылдагы окуялар тууралуу билдирүүсүн бөлүштү.

1627318
Калын: «Биз орток тарыхыбыздын бурмаланышына жол бербейбиз»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу: «Тарыхты тар саясий күн тартиби үчүн кыянаттык менен пайдалануу өткөнгө да, азыркыга дагы жардам бербейт. Биз эч кимге орток кайгыбызды жана тарыхыбызды бурмалоого жол бербейбиз»,-деди.

Ибрахим Калын Твиттерден Армян Фонддор Биримдиги жана Сурп Пыргич армян ооруканасы фондунун төрагасы Бедрос Шириноглунун 1915-жылдагы окуялар тууралуу билдирүүсүн бөлүштү.

Калын: «Тарыхты тар саясий күн тартиби үчүн кыянаттык менен пайдалануу өткөнгө да, азыркыга дагы жардам бербейт. Биз эч кимге орток кайгыбызды жана тарыхыбызды бурмалоого жол бербейбиз», - деп баа берди.

Шириноглу: «Маселеге саясий себептер менен аралашкан Америка Кошмо Штаттарын, Европа Биримдигин жана берки кээ бир өлкөлөрдү жакшы ниеттүү мамиледен алыс көрүүдөмүн», деген эле.



Тектеш кабарлар