Сойлу: «Грек коопсуздук күчтөрү иммигранттарды өрттөөгө аракет кылды»

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу өзүнүн Твиттердеги эсебинде Грециянын Жээк күзөтүнүн мыйзамсыз мигранттардын кайыгын кайрадан Түркиянын территориялык сууларына түртүп жиберген сүрөтүн бөлүштү.

1623374
Сойлу: «Грек коопсуздук күчтөрү иммигранттарды өрттөөгө аракет кылды»

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу мыйзамсыз көчкөн иммигранттын грек укук коргоо күчтөрү тарабынан өрттөөгө аракет кылынган видеосун бөлүшүп, «Европа Грецияны эркелетип, болуп өткөн окуяга унчукпай отура берсе, Европа бул жамандыктын шыктандыруучусу катары тарыхка кирет»,-деп айтты.

Измирдин Чешме районунда күзөттө турган жээк коопсуздугун камсыздоочу кеме, Греция тарабындагы мыйзамсыз мигранттар кайыгынын Түркиянын аймактык сууларына кайра түртүлүп жиберилгенин аныктады.

Грециянын Жээк коопсуздугун камсыздоочу бөлүгү бардык эскертүүлөргө карабастан кайыкты Түркиянын сууларына түртүп жибергенде, Жээк коопсуздугу командирлигинин топтору 41 мыйзамсыз мигрантты куткарып, Чешме портуна алып келишти. Бутунан күйүк алган мигрант тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу өзүнүн Твиттердеги эсебинде Грециянын Жээк күзөтүнүн мыйзамсыз мигранттардын кайыгын кайрадан Түркиянын территориялык сууларына түртүп жиберген сүрөтүн бөлүштү.

Грециянын бирдиктүү аскер күчтөрүнүн бензин куюп күйгүзүүгө аракет кылган мыйзамсыз мигранттардын башынан өткөргөндөрүн «Грек полициясы биздин акчаны, телефондорубузду тартып алды. Алар бизге «кеткиле» дешип бир аял алып келген бензинди бизге чачып от жакты. Полиция «сиз Түркияга кетпегениңиз үчүн күйдүңүз» деди»,деген сөздөр орун алган видеону бөлүшкөн Сойлу: «Грециянын укук коргоо органдарынын адамдарды бензин куюп өрттөө аракети - Европанын көз алдында кыргынды жасоо. Европа Грецияны эркелетип, болуп өткөн окуяга унчукпай отура берсе, Европа бул жамандыктын шыктандыруучусу катары тарыхка кирет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар