Дагы бир террорист багынды

Бул жылы ынандыруу жолу менен багынган террорист саны 51ге жетти.

1621044
Дагы бир террорист багынды

Ынандыруу иштеринин натыйжасында ПКК террордук уюмдан качкан 1 террорист дагы коопсуздук күчтөрүнө багынды. Ушундайча бул жылы ынандыруу жолу менен багынган террорист саны 51ге жетти.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда багынган террористтин 2005 - жылы террордук уюмга кошулгандыгы жана Иракта кол салууларды аткаргандыгы аныкталды.

Бир тараптан коопсуздук күчтөрү 2021 -  жылдын биринчи 3 айында ПККнын 382 террористин жок кылды. 

Жок кылынган террористтердин арасында "кызыл" категориядагы ПККнын Аманос   жана Мардин жооптуусу менен "кызгымтыл сары" категориядагы Мардин Багок аянтынын жооптуусу да бар. 

Операцияларда террористтерге таандык баш калкалоочу жерлер жардырылды. 

 

 



Тектеш кабарлар