Дендиас эртең Анкарага келет
Чавушоглу Никос Дендиас менен жолугушат.
Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас эртең борбор шаар Анкарага келет.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Никос Дендиас менен жолугушат.
Эки өлкөнүн ортосундагы кырдаал министрлер деңгээлинде каралып чыгат. Лидерлердин жолугушуусу үчүн да план түзүлөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуялар жана Эгей маселеси талкууланат.
Грециянын качкындарга карата эл аралык мыйзамга туура келбеген иштерине байланыштуу тынчсыздануулар билдирилет.
Кипр маселесине чечүүчү жол издөө жана сүйлөшүүлөрдүн деталдары талкууланат.
Дагы бир маанилүү тема терроризмге каршы күрөшүү болот. Афина жетекчилигинин Фетуллахчы террордук уюмга (ФЕТӨ) жана жикчил террордук уюм ПККга көрсөткөн колдоосуна тынчсыздануулар билдирилет.
Дендиастын Анкарага сапарынын алдында Стамбулда Фенер рум патриархы Бартоломеос менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.