Чавушоглу канадалык кесиптеши менен сүйлөшүү өткөрдү

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу мамилелер талкууланды.

1619894
Чавушоглу канадалык кесиптеши менен сүйлөшүү өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу мамилелер талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Түркиядагы коргонуу өнөр жайына болгон чектөөсү темасында Канаданын мамилесине тынчсыздануу билдирилип, ишти кайра карап чыгууну суранды.

Тышкы иштер министрлиги берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Урматтуу министр Мевлүт Чавушоглу, Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эки тараптуу карым-катнаштар талкууланды. Канаданын Түркияга карай коргонуу өнөр жайынын чектөөлөрүнө байланыштуу мамилеси билдирилип, каралып чыгышы керек», деген сөздөргө орун берилди.

Ал эми Канаданын тышкы иштер министри Гарно сүйлөшүүгө байланыштуу билдирүүсүндө, «НАТОнун маанилүү союздашы Түркияга жана НАТОнун кызматташтык программасына байланыштуу шилтеме кырдаалга жараша бааланат»,-деди.



Тектеш кабарлар