Фахреттин Кожа: «Жаңы учурлардын 85 пайызы Улуу Британиянын мутациясынан келип чыккан»

Бир сутканын ичинде 301 миң 68 тест жасалды.

1619870
Фахреттин Кожа: «Жаңы учурлардын 85 пайызы Улуу Британиянын мутациясынан келип чыккан»

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 243 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 34 миң 182 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 301 миң 68 тест жасалып, 2 миң 671 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 54 миң 562 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 41 миң 218 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 3 миллион 372 миң 629га жогорулады.

Бул учурда, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа: «Жаңы учурлардын 85 пайызы Улуу Британиянын мутациясынан келип чыккан»,- деди.

Министр Кожа, Илимий кеңеш менен жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө, «Жакынкы келечекте биз вакциналардын ар түрдүүлүгүн камсыздоо жолу менен да, жергиликтүү вакцина өндүрүү аркылуу дагы коомчулуктун иммунитетине жетишебиз», - деди.

Учурлардын 85 пайызы Англияда пайда болгон мутациядан экендигине көңүл буруп, «жугуштуулугу барган сайын өсүп жаткан жаңы чоку мезгилде экендиктерин"» белгилеген Кожа, адамдардын ортосундагы тыгыз байланыштын болбоосу үчүн аяр мамиле кылууну суранды.



Тектеш кабарлар