Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 248 киши көз жумду.

1618743
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 248 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 33 миң 702 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 302 миң 735 тест жасалып, 2 миң 497 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 52 миң 676 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 32 миң 539 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 3 миллион 301 миң 217ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар