Президент Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолугушту

Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге кол коюу аземинен кийин Эрдоган менен Зеленский биргелешкен пресс жыйын өткөрөт жана кечки расмий тамакка катышат.

1618665
Президент Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулдагы Хубер сарайында жолугушту.

Зеленский, бүгүн  тогузунчусу өткөрүлө турган Түркия-Украина Жогорку Деңгээлдеги Стратегиялык Кеңешинин иш сапарынын алкагында Түркияга келди.

Түркия убактысы боюнча саат 15.45те башталган жолугушуудан кийин эки лидер Жогорку Деңгээлдеги Стратегиялык Кеңештин отурумуна катышат.

Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге кол коюу аземинен кийин Эрдоган менен Зеленский биргелешкен пресс жыйын өткөрөт жана кечки расмий тамакка катышат.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар