АКШ эки аскердик кемесин Кара деңизге жөнөтүү үчүн Түркияга кайрылды
Бул кемелердин 4-майга чейин Кара деңизде кала тургандары да кабарланды.
1618098
![АКШ эки аскердик кемесин Кара деңизге жөнөтүү үчүн Түркияга кайрылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7246/d5e3/e5f0/5eb1203c2b97a.jpg?time=1718873967)
АКШга таандык эки аскердик кеме, түрк кысыктары аркылуу Кара деңизге баруу үчүн Түркияга дипломатиялык кайрылуу жасады.
Дипломатиялык булактар, АКШнын 2 аскердик кемесин Кара деңизге жибере тургандыгы жөнүндөгү кабарларга байланыштуу: «Биз тарапка Монтре келишимине ылайык АКШнын 2 аскердик кемесинин Кара деңизге багыт ала турганы боюнча 15 күн мурун дипломатиялык каналдар аркылуу кайрылуу жасалды», делди.
Бул кемелердин 4-майга чейин Кара деңизде кала тургандары да кабарланды.