Түркиядагы аэропорттордо ультрафиолеттик стерилдөөчү шаймандар орнотулду

Аэропорттордо рентген аппараттарынан өткөн жүргүнчүлөрдүн багажын жана эскалатордун кол менен кармоочу кайыштарын стерилизациялоону камсыз кылган шаймандар колдонула баштады.

1614416
Түркиядагы аэропорттордо ультрафиолеттик стерилдөөчү шаймандар орнотулду

Транспорт жана инфраструктура  министрлигине караштуу Мамлекеттик аэропорттор башкы дирекциясы (DHMİ) коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында ишке ашырган натыйжалуу иш-чараларга жаңысын кошту.

Аэропорттордо рентген аппараттарынан өткөн жүргүнчүлөрдүн багажын жана эскалатордун кол менен кармоочу кайыштарын стерилизациялоону камсыз кылган шаймандар колдонула баштады.

Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө мекемесинин изилдөө жана өнүктүрүү (TUBITAK R & D) эмгектеринин алкагында иштелип чыккан жабдуулардын, DHMİ жана жүргүнчүлөр тарабынан аэропорттун терминалдарынын иштешинин физикалык шарттары, статистикалык маалыматтары эске алынуу менен Эрзурум, Газиантеп, Диярбакыр, Хатай, Чанаккале жана Трабзон кызматы алынды.

Бул аэропорттордо 20 туннель түрү жана 27 эскалатор тилкесиндеги ультрафиолеттик стерилдөөчү шаймандар орнотулган.

Эпидемияга каршы күрөшүү жаатында эл аралык аэропорттордогу алгачкы колдонмолордун бири болгон системаны түзгөн шаймандардын сыноолору TÜBİTAK Мармара изилдөө борборунун жана Кайсеридеги Эржийес университетинин лабораторияларында жүргүзүлдү.



Тектеш кабарлар