Люкс поезд менен саякаттоо
Люкс поезддин уктоочу бөлмөлөрү бар.
Түркиянын биринчи «Люкс поезд туру" долбоору үчүн кол коюлду.
Бул долбоор Президенттиктин инвестиция кеңсеси аркылуу Глобалдык башкы офиси Японияда жайгашкан HIS Түркия менен Sun Groupтун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Кападокия Экспресси менен башталат.
HIS Globalдин башкы кеңсеси Японияда жайгашкан жана дүйнөнүн эң алдыңкы 10 туристтик операторунун катарына кирет. Анын 70тен ашуун өлкөдө 500дөн ашык кеңсеси бар.
Долбоордун алкагында саякат биринчи кезекте Стамбул менен Кападокиянын ортосунда башталат, андан кийин өлкөнү камтыган туризм темир жолу болушу пландалууда. Максаты жылына 200 миң туристке жетүү.
Кападокия экспресси менен баштала турган долбоордо колдонула турган унаалар уктоочу вагондордон турат. Алар 5 жылдыздуу мейманканалардын стандарттарында болот.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.
Эрдоган жөөт жарандарын Пасах майрамы менен куттуктады
Президент Эрдоган Пасах майрамына байланыштуу куттуктоо жарыялады.