Үч террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди

Ушундайча ынандыруу аракеттеринин натыйжасында быйыл багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 39га жетти.

1612505
Үч террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди

Жандармерия жана полиция тарабынан жүргүзүлгөн ынандыруу иш-аракеттеринин натыйжасында жикчил террордук уюм ПККдан качкан 3 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, багынып берген уюмдун мүчөлөрү 1991-2020-жылдар аралыгында террордук уюмга кошулуп, Ирак жана Сирияда жүргөндөрү аныкталды.

Ушундайча ынандыруу аракеттеринин натыйжасында быйыл багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 39га жетти.



Тектеш кабарлар