Кибира байыркы шаарындагы казууларда 30 мазар ачыкка чыгарылды

2019 -  жылы шаарда табылган базилика пландуу чиркөөдө баштатылган казуу иштеринде чиркөө ичиндеги мазарлар табылган.

1612258
Кибира байыркы шаарындагы казууларда 30 мазар ачыкка чыгарылды

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, Илим жана Маданият Уюму ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасынын убактылуу тизмесинде орун алган  жана Түркиянын негизги байыркы шаарларынын бири болгон Кибирада дагы  бир  маанилүү курулуш ачыкка чыкты.

2019 -  жылы шаарда табылган базилика пландуу чиркөөдө баштатылган казуу иштеринде чиркөө ичиндеги мазарлар табылган.

Бул жердеги байыркы шаарда жүргүзүлгөн казууларда араларында маанилүү дин адамдарынын да мазарларынын бар экендиги болжолдолгон 30га жакын мазар ачыкка чыгарылды.

Казуу тобунда орун алган доктор Дүзгүн Таркан шаардын бир топ маанилүү коомдук курулуштарды ичине камтыгандыгын баса белгиледи.

Ачыкка чыгарылган мазарлардын бир бөлүгүнүн Кибирада жашаган христиан коом тарабынан колдонулгандыгын билдирген Таркан курулуштун абдан чоң экендигин айтты.

Таркан алдыбыздагы жылдарда курулуштун башталган рестоврация иштерининен кийин туризмге ачууну максат кылышкандарын билдирди.



Тектеш кабарлар