Ибрахим Калын : "Келгиле бул дем алышта чогуу китеп окуйлу"

Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын твиттер баракчасынан «Ушул дем алышта чогуу китеп окуйбуз" деген билдирүүсүн жарыялады.

1609533
Ибрахим Калын : "Келгиле бул  дем алышта  чогуу  китеп окуйлу"

Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жеке твиттер баракчасынан китеп окуу адатын жайылтууга чакырды. Калын : «Ушул дем алышта чогуу китеп окуйбуз" деген билдирүүсүн жарыялады.  

Ошондой эле иш-чарага катышып, жакындары менен китеп окуп жатып тарткан видеолорун жана сүрөттөрүн социалдык тармактарда "Китеп оку" деген темада жарыялагандарга белек да берилет.

Китеп окууну сүйгөндөр үчүн белекке бериле турган китеп да көңүлдөрдү бурду.  Калын акыркы китеби «Ачык көз караш» аттуу китебин 50 кишиге белек кылат.

Калындын чакырыгына көптөгөн социалдык медиа колдонуучуларынан колдоо келди.  Көп сандаган киши  китеп окуп жаткандагы  видеолору менен сүрөттөрүн социалдык тармактарда бөлүштү.

 



Тектеш кабарлар