Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушту.

1607528
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушогду АКШнын мамлекеттик катчысы  Энтони Блинкен менен  Фетуллахчы террордук уюм, ПКК жикчил террордук уюм жана Россиядан сатып алынган С  - 400дөр тууралуу сүйлөшкөндөрүн айтты. 

Мевлют Чавушоглу Энтони Блинкен менен Брюсселдеги НАТОнун башкы кеңсесинде жолугушту.

Жолугушуудан кийин маалымат берген Чавушоглу : "Түркиянын С  - 400дөрдү алгандыгын жана бул иштин бүткөндүгүн дагы бир жолу айттык. Союздаштарыбыздан С  - 400дөрдү ала албаганыбызды билдирдик",- деди. 

Чавушоглу Блинкен менен пайдалуу жолугушуу өткөрүшкөндөрүн белгилеп : "ПККнын  акыркы учурларда көбөйгөн кол салууларын да эскерттик. Сирия маселесинин адамзаттык жагын да карап чыктык",- деди. 

Мевлүт Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы менен Түркияда же АКШда дагы кенен жыйын өткөрүү боюнча  макулдашкандарын да белгиледи. 

Чавушоглу Афганистан конференциясын апрель айынын ичинде өткөрүүнү каалашкандарын белгилеп : "Дохага альтернатив платформа каалабайбыз. Колдой турган жыйын болушун каалайбыз",- деди. 

Мевлүт Чавушоглу Түркия -  Европа Биримдиги карым  - катнаштары тууралу да : "Бажы биримдиги жаңыланып виза эркиндиги ишке ашырылышы керек. Чыгыш Жер Ортолук деңизинде  бирдей бөлүшүү маанилүү. Кипрде туруктуу чечүүчү жол табуу үчүн аракет кылуудабыз",- деди. 

АКШнын тышкы иштер министрлиги болсо Чавушоглу  -  Блинкен жолугушуусунда эки өлкөнүн арасындагы биргелешкен кызыкчылыктарга басым жасалгандыгын,  Блинкендин  кесиптешине өзгөчө С  - 400 тууралуу мамилесин билдиргендигин маалымдады. 

 

 



Тектеш кабарлар