Шентоп Пакистанды Улуттук күнү менен куттуктады

Мустафа Шентоп, Кайзер жана Санжраниге жиберген каттарында Пакистандын Улуттук күнүн түрк улутунун жана өзүнүн атынан эң чын жүрөктөн чыккан сезимдери менен куттуктады.

1606848
Шентоп Пакистанды Улуттук күнү менен куттуктады

 

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп 23-мартта Пакистандын Улуттук күнүнө байланыштуу Пакистандын Улуттук Мажлисинин төрагасы Асад Кайзер жана Пакистандын Сенатынын төрагасы Садык Санжрани куттуктоо катын жөнөттү.

Мустафа Шентоп, Кайзер жана Санжраниге жиберген каттарында Пакистандын Улуттук күнүн түрк улутунун жана өзүнүн атынан эң чын жүрөктөн чыккан сезимдери менен куттуктады.

Түркия жана Пакистан ортосундагы тамырларын тарыхый жана маданий байланыштарынын алган бир туугандык мамилелердин, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы тыгыз мамилеге дем-күч бергенин белгилеген Шентоп, «Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бул баалуу байланыштарды элдерибиздин жалпы жыргалчылыгына кызмат кыла тургандай кылып өнүктүрүүгө болгон өз ара эрк кубандырат. Ушул ойлор менен мен дос жана боордош Пакистан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм, жана сизге, Пакистан Улуттук Мажлисинин жана Пакистан Сенатынын улуу даражалуу мүчөлөрүнө бакыт каалайм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар