Килиске атылган ракетага жооп кайтарылды

ПКК/ЙПГге таандык 20дан ашуун обьект менен көп сандаган террорист да жок кылынды.

1605118
Килиске атылган ракетага жооп кайтарылды

ПКК/ЙПГ террордук уюмдун террористтери 18 -  мартта Килиске аткан ракеталарга керек болгон жооп кайтарылды. ПКК/ЙПГге таандык 20дан ашуун обьект менен көп сандаган террорист да жок кылынды.

Президент Р. Т. Эрдоган Килиске келип  түшкөн ракеталар тууралуу : «Жасалган кол салуу албетте кабыл алына турган нерсе эмес. Мунун да жообун эселентип бердик»,- деди.

Террордук уюм ПКК/ЙПГге  кол салуудан кийин берилген жооп кенен түрдө ортого чыкты.

Коопсуздук булактардан алынган маалыматка караганда атылган ракеталардан кийин түрк куралдуу күчтөрү кол салуу болгон жерлерге жазалоочу ок аткан.

Кол салуу жасалган жерлер менен бирге Тель Рыфатта террористтерге таандык буталар колдоочу унаалар тарабынан атылды. Атуулар менен террордук уюмдарга таандык 20дан ашуун обьект менен көп сандаган террористтин да жок кылынгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар