Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Грециянын качкындарды өлүмгө таштагандыгын айтты
Министр Сойлу түрк жээк коопсуздук бөлүктөрүнүн кычкындарды куткаргандыгына байланыштуу видеону да жарыялады.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Греция жээк коопсуздук бөлүктөрүнүн 7 качкынды колдорун пластикалык кишендер менен байлап куткаруучу желек жана кайык болбостон деңизге, өлүмгө таштагандыгын билдирди.
Спутниктин кабарына караганда Сойлу соцтармактан берген маалыматында : «Грециянын жээк коопсуздук бөлүктөрү бүгүн түнү 7 качкынды уруп -согуп, буюмдарын алып, колдорун пластикалык кишен менен байлап куткаруучу желексиз, кайык болбостон деңизге, өлүмгө таштады. Жээк коопсуздук бөлүктөрү жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:55те 2 качкынды куткарып, эки адамдын сөөгүн тапты. Дайынсыз жоголгондорду издөө улантылууда»,- деди.
Министр Сойлу түрк жээк коопсуздук бөлүктөрүнүн кычкындарды куткаргандыгына байланыштуу видеону да жарыялады.
Тектеш кабарлар
"Seabourn Quest" Антальяга келди
Антальянын Алания районуна болсо жылдын биринчи круиздик кемеси «Marella Discovery 2» келди.