Эрдогандын ЕБнин жетекчилиги менен өткөргөн сүйлөшүүсүнө байланыштуу билдирүү жасалды

Сүйлөшүүгө байланыштуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы билдирүү жасады.

1604835
Эрдогандын ЕБнин жетекчилиги менен өткөргөн сүйлөшүүсүнө байланыштуу билдирүү жасалды

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин резиденциясынан видео көпүрө аркылуу катышкан сүйлөшүүгө байланыштуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы билдирүү жасады.

Билдирүүгө караганда, Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын өнүктүрүүгө багытталган жагдайлар каралган сүйлөшүүдө, коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүүдө таштала турган биргелешкен кадамдар жана аймактык маселелер да талкууланды.

Эрдоган сүйлөшүүдө, Европа Биримдигинин 25-26-марттагы саммитинен конкреттүү иш-аракеттердин жолун ача турган натыйжаларды күткөндөрүн белгилеп, саммитке сунуштала турган отчеттун позитивдүү күн тартибинин багытында Түркия-ЕБ мамилелеринин келечегине карата сунуштарды объективдүү жана конструктивдүү көз караш менен чагылдыра турганына ишенгенин айтты.

Кызматташтыкты илгерилетүү үчүн бардык механизмдердин ишке ашырылышы жана жогорку деңгээлдеги диалог процесстеринин кайрадан баштатылышы керектигин баса белгилеген Эрдоган,18-март (Иммиграция жана виза) консенсусунун жаңылануусу оң күн тартибиндеги иш-аракеттердин негизи экендигин белгиледи.

Виза эркиндиги, Бажы биримдигин жаңыртуу жана сүйлөшүүлөрдү ачуу сыяктуу жагдайлардын кайрадан жөнгө салынышынын маанилүү экендигин баса белгилеген президент Эрдоган, Түркиянын мойнундагы качкындар жүгү жана мыйзамсыз миграция кысымынын барган сайын артканына көңүл бурду.

Президент Эрдоган, Чыгыш Жер Ортолук деңизи менен Эгейде туруктуулукту жана кызматташтыкты жактаган Түркиянын ушул алкакта таштаган конструктивдүү кадамдарына токтолуп, Грециянын жана кипрдик румдардын бардык провокацияларына жана агрессивдүү аракеттерине карабастан бул мамилени сактагандарын билдирди.

Чыгыш Жер Ортолук деңизи боюнча эл аралык конференция өткөрүү боюнча сунушун дагы бир жолу кайталаган президент Эрдоган, Европа Биримдигинин саммитинин "биримдик тилектештиги" шылтоосу менен Кипрдин рум бөлүгү жана Греция тарабынан кыянаттык менен пайдаланылышына уруксат берилбеши керектигин баса белгиледи.

Мишель менен фон дер Ляйендин биргелешкен билдирүүсүн да 25-26-март күндөрүндө боло турган саммиттин алдында өткөрүлгөн сүйлөшүүдө, 2020-жылдын 10-декабрындагы ЕБ саммитинен кийинки кырдаалга баа берилгендиги, ошондой эле Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги абал, Кипр сүйлөшүүлөрү менен Түркия-ЕБ мамилелеринин талкуулангандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар