Эрдоган :"Алар бардык жолду сынап көрүштү, бирок улутубузду чөгөлөтө алышкан жок"

Президент Эрдоган, борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте уюштурулган Мамлекеттик Ардак медалын тапшыруу аземине катышты.

1603878
Эрдоган :"Алар бардык жолду сынап көрүштү, бирок улутубузду чөгөлөтө алышкан жок"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Алар терроризмден мамлекеттик төңкөрүшкө чейинки бардык жолду сынап көрүштү, бирок эч качан биздин улутту чөгөлөтө алган жок. Келечекте алар бул ыпылас максаттарына жете алышпайт»,-деди.

Президент Эрдоган, борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте уюштурулган Мамлекеттик Ардак медалын тапшыруу аземине катышты.

Эрдоган, терроризм менен күрөшүү боюнча, «Бул күрөштөгү кичинекей шалаакылыкты көрсөтө турган болсок, алар бизди Севрден дагы жаман айыптоолор менен баса калышат»,-деди.

Президент Эрдоган: «Биз берген ар бир шейит, ардагер - бул эгемендүүлүгүбүздүн жана келечегибиздин каттоосунун белгиси болгон мөөрлөр»,-деп айтты.

Режеп Таййип Эрдоган: «Селжуктар дагы, Осмондор дагы тышкы кол салуулардан эмес, ички бөлүнүп-жарылуудан улам кулады. Азырынча 100 жылдыгына дагы жете элек азыркы мамлекетибизди бирдей тагдырга туш кылбайбыз»,-деп айтты.

Эрдоган Түркиянын күчтүү болууга милдеттүү экендигин, мунун булагы улуттун биримдиги, ынтымагы жана бир туугандыгы экендигин айтты.

Президент өз сөзүндө бүгүн Чанаккале жеңишинин 106 жылдыгы экендигин эске салып, «Биз Чанаккаледе жарым ай үчүн көптөгөн күндөрүбүздү жоготуп алдык, бирок анын ордуна көзкарандысыздыгыбызды жана келечегибизди сактап калдык. Чанаккале согуштары биздин Эгемендик согушубузга кирүү жолу жагынан өзгөчө мааниге ээ. Эгер Чанаккаледе ошол тарыхый жеңиш болбогондо биз чоң апааттарга  кабылмакпыз»,-деди.



Тектеш кабарлар