Терроризмге каршы күрөш уланып жатат
Кол салууга даярданган 3 террорист таасирсиз кылынды.
1602967
Сирияда «Зайтун бутагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта кол салууга даярданып жаткан жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө үч террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттердеги билдирүүсүндө: «Зайтун бутагы аймагындагы тынчтыкты жана коопсуздукту бузуу үчүн кол салууга даярданган 3 ПКК/ЙПГ террористи, биздин баатыр десанттарыбыздын ийгиликтүү операциясы менен таасирсиз кылынды» деп кабарланды.