Сабиха Гөкчендеги күнүмдүк жүргүнчүлөрдүн санында жылдын биринчи рекорду

Аэропортто күнүмдүк жүргүнчүлөрдүн саны рекорддук көрсөткүчкө жеткен күнү 125и эл аралык, 290у ички каттамдар болуп жалпы 415 каттам жүргүзүлдү.

1602540
Сабиха Гөкчендеги күнүмдүк жүргүнчүлөрдүн санында жылдын биринчи рекорду

Стамбулдагы "Сабиха Гөкчен" эл аралык аэропорту 12-мартта 60 миң 538 жүргүнчүнү тосуп алып 2021-жылдагы күнүмдүк жүргүнчүлөрдүн эң жогорку санына жетишти.

"Сабиха Гөкчен" аэропортунун Твиттердеги билдирүүсүндө: «Биз 12-марттагы күнүмдүк 60.538 жүргүнчү менен 2021-жылы жүргүнчүлөрдүн эң жогорку көрсөткүчүнө жетиштик. Бизди тандаган жүргүнчүлөргө ырахмат» деген сөздөр камтылды.

Аэропортто күнүмдүк жүргүнчүлөрдүн саны рекорддук көрсөткүчкө жеткен күнү 125и эл аралык, 290у ички каттамдар болуп жалпы 415 каттам жүргүзүлдү.



Тектеш кабарлар