Жераблуста ПКК кол салуусу болду, баллистикалык ракета атылды

Түркиянын Газиантеп Облусунун Губернаторлугу тарабынан билдирүү жасалды. Ошондой эле Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер эсебинде маалыматтар орун алды.

1601187
Жераблуста ПКК кол салуусу болду, баллистикалык ракета атылды

Сириянын түндүгүндөгү Жераблус шаарында жикчил террордук уюм ПКК / ПЙД / ЙПГ тарабынан атылган минометтун огунан эки жаран каза болду.

Түркиянын Газиантеп Облусунун Губернаторлугу тарабынан жасалган билдирүүдө төмөнкүлөр жазылган: «Жараблустун Аль Хумран айылындагы террордук уюм ПКК / ПЙД / ЙПГ мүчөлөрү тарабынан Манбиж чек ара аймагынан атылган 3 миномет снарядынын натыйжасында, эки жаран, Е.Е аттуу бала жана А.А.М. аттуу аял каза болушту. А.А.С. аттуу аял жеңил жаракат алды. Жаракат алган аял Жераблус ооруканасына дарыланууга алынды жана өмүрүнө коркунуч жок».

Бир тараптан, Жераблус районунун Хамран аймагы жана Баб районунун Терхин аймагы (кечээ) кечке маал баллистикалык ракеталар менен бутага алынды.

Кол салуулар болуп жаткан аймактарда примитивдик ыкмалар менен иштетилген мунай иштетүүчү жайлар бар болсо, көптөгөн танкерлердин өрттөлүшүнүн натыйжасында катуу жарылуулар болду.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, баллистикалык ракета Халебдеги Асад режиминин көзөмөлүндөгү Кувейрис аэропортунан атылган.

Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер эсебинде жарыяланган билдирүүдө баллистикалык ракеталардын жарандык конуштардын жана күйүүчү май ташыган цистерналардын токтоп турган жерлерин бутага алгандыгы белгиленди.

Кол салуудан карапайым адамдар жаракат алгандыгы баса белгиленген билдирүүдө, «Евфрат калканы аймагына карай болгон жана карапайым калкты бутага алган ок атуулар башталганынан кийин аны улай келүүчү ок атууларды токтотуу жөнүндө Россия Федерациясына билдирүү жасалып, аныкталган буталар аткыланды. Аймактагы аскерлерибизге эскертүү берилди»,деген сөздөр камтылган.



Тектеш кабарлар