Түркия Чехиянын Кудста дипломатиялык кеңсе ачуусуна тынчсызданганын билдирди

Билдирүүдө эл аралык коомчулуктун бардык мүчөлөрү Кудстун тарыхый жана укуктук статусун жана Палестина-Израиль жаңжалын адилеттүү, ар тараптуу жана туруктуу чечүүнүн эл аралык параметрлерин сыйлоого чакырылган.

1600755
Түркия Чехиянын Кудста дипломатиялык кеңсе ачуусуна тынчсызданганын билдирди

Түркия Чехия Республикасынын Кудста дипломатиялык кеңсесин ачуусунан санааркап жаткандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, сөз болуп жаткан кадамдын Палестина-Израиль жаңжалынын негизги параметрлеринин бири болгон Кудстун статусун төмөндөтүү аракетине кызмат кыла турган мүнөзгө ээ экендиги баса белгмиленген.

Билдирүүдө эл аралык коомчулуктун бардык мүчөлөрү Кудстун тарыхый жана укуктук статусун жана Палестина-Израиль жаңжалын адилеттүү, ар тараптуу жана туруктуу чечүүнүн эл аралык параметрлерин сыйлоого чакырылган.

Билдирүүдө, «Биз (Чехия) Бириккен Улуттар Уюмунун чечимдери менен эл аралык статусу кепилденген Кудста дипломатиялык кеңсе ачканына тынчсызданып жатабыз»,деген сөздөр камтылган.

Чехия 11-мартта Батыш Кудста Тель-Авивдеги элчилигине байланыштуу дипломатиялык миссиясын ачкан.



Тектеш кабарлар