Turkish Cargo ЮНИСЕФтин вакциналарын жеткирүүдө

Turkish Cargo ЮНИСЕФтин Ковид  - 19  вакциналарын жана медициналык каражаттарын дүйнөнүн төр тарабына алып барууда.

1600568
Turkish Cargo ЮНИСЕФтин вакциналарын жеткирүүдө

Turkish Cargo ЮНИСЕФтин Ковид  - 19  вакциналарын жана медициналык каражаттарын дүйнөнүн төр тарабына алып барууда.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинен берилген маалыматка караганда Turkish Cargo глобалдык жүк ташуу фирмасы Kuehne/Nagelдин кызматташуусу менен ЮНИСЕФтин Индиядан алган 1, 7 миллион доза Ковид  - 19  вакцинасын Мумбайдан Демократиялык Конго республикасынын борбор шаары Киншасага алып барды.

Жеке жүк ташуу тармагында 30 жылдык тажрыйбасы бар Turkish Cargo жакында ЮНИСЕФке таандык Ковид-19 шприцтерин, Барселонадан Туниске жана коронавирус вакциналарын Амстердамдан  Киевге, Тбилисиден Амманга алып барды.

Өткөн жылы Кытайдын Синовак вакциналарын дүйнөнүн түрдүү жерлерине алып барган Turkish Cargo бир топ түрдүү вакциналарды ташууну жана дүйнөнүн төрт тарабына жеткирүүнү улантат.

Дүйнөдө 400дөн ашуун жерге глобалдык фармацевтикалык коридорун курган Turkish Cargo 96сы түздөн түз жүк ташуу болгон 300дөн ашуун жерге жеткирип жана 365 учактан турган флоту менен глобалдык тейлөө желесинен орун алган кардарларына 7 күн 24 саат кызмат кылууда.



Тектеш кабарлар