Түркияда коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 67 киши көз жумду.

1598857
Түркияда коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 67 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 29 миң 227 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 145 миң 130 тест жасалып, 814 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 14 миң 556 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 9 миң 193 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 649 миң 862ге жогорулады.


Этикеткалар: #вирус жуктурган

Тектеш кабарлар