Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 66 киши көз жумду.

1598116
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 66 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 29 миң 160 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 140 миң 828 тест жасалып, 801 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 13 миң 755 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 8 миң 639 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 640 миң 669га жогорулады.



Тектеш кабарлар