Шентоп Ахадини кабыл алды

Шентоп Афганистандын айыл чарба, сугат жана мал чарба министри Анвар-ул Хак Ахади жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

1598289
Шентоп Ахадини кабыл алды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Түркия менен Афганистандын кубанычта жана кайгыда ар дайым тилектештик ичинде чогуу иш алып баргандыгын айтты.

Шентоп Афганистандын айыл чарба, сугат жана мал чарба министри Анвар-ул Хак Ахади жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

Кабыл алууда сөз сүйлөгөн Шентоп, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы экендигин эске салып, ушул өзгөчө жылда делегацияны Түркия Улуу Улуттук Жыйынынында көргөндүгү үчүн кубанганын билдирди.

Түркия менен Афганистандын кубанычта жана кайгыда ар дайым тилектештик ичинде чогуу иш алып баргандыгын белгилеген Шентоп: «Биз Ооганстандын жана ооган боордошторубуздун көптөн бери күтүп келген тынчтыкка, бейпилдикке жана туруктуулукка жетүүсүн чын жүрөктөн каалайбыз»,-деп айтты.

2020-жылдын сентябрь айында башталган Ооганстанга тынчтыкты алып келүүчү сүйлөшүүлөрдө бираз тыныгуу байкалгандыгын белгилеген Шентоп: «Бул мезгилде ооган боордошторубуздун бирдиктүү, ар тараптуу түшүнүк жана чечкиндүүлүк менен иш алып барышына маани беребиз. Ошондой эле Афганистандагы зомбулуктун көбөйгөндүгүнө тынчсыздануу менен байкоо салып жатабыз. Акыркы 7 жылда күчөгөн бул зордук-зомбулуктун токтотулушу, өлкөңүздө тынчтык жана бейпилдиктин орношу үчүн биз өз салымыбызды уланта беребиз»,-деди.

Ахади да: «Афганистандын саясий жашоосун улантуусу үчүн тынчтык абдан маанилүү маселе», деп айтты.

Дос өлкөлөрдүн дагы ушул маанидеги колдоосуна муктаж экендиктерин белгилеген министр Ахади: «Бул жагынан биз Түркияга  ишенебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар