«Республикабыздын 100 -  жылында Түркияны атомдук энергетикага ээ өлкөлөрдүн лигасына кошобуз»

Президент Эрдоган менен Россиянын президенти В. Путин «Аккуюу атомдук күч станциясынын үчүнчү агрегатынын пайдубалын түптөө аземине» видеоконференция аркылуу катышты.

1598788
«Республикабыздын 100 -  жылында Түркияны атомдук энергетикага ээ өлкөлөрдүн лигасына кошобуз»
erdogan putin.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган : «Республикабыздын 100 -  жылында Түркияны атомдук энергетикага ээ өлкөлөрдүн лигасына кошобуз»,- деди.

Президент Эрдоган менен Россиянын президенти В. Путин «Аккуюу атомдук күч станциясынын үчүнчү агрегатынын пайдубалын түптөө аземине» видеоконференция аркылуу катышты.

Эрдоган : «Улуттук энергетика инфраструктурабызга атомдук күчтү да кошуу чечими, энергетика өткөрүүдөгү коопсуздук тууралуу таштаган стратегиялык бир кадам»,- деди.

Президент Эрдоган : «Максатыбыз энергия өндүрүүдө  эмиссиясыз иштеген жана экологияга эч бир зыянчылыгы болбогон атомдук энергияны өлкөбүздүн энергия тармагына кошуу»,- деди.

Түркиянын орнотулган энергетика күчүнүн ичиндеги жергиликтүү жана жаңыланууга боло турган энергетика үлүшүнүн 63, 7 пайыздык деңгээлге жеткенин айткан президент : «Кара деңиздеги 405 миллиард метр кубдук жаратылыш газды ачуу көз карандысыз энергетика, күчтүү Түркия чечкиндүүлүгүбүздүн эң маанилүү кадамдарынын бири болду. Республикабыздын  100  - жылында Түркияны атомдук энергетикага ээ өлкөлөрдүн лигасына кошобуз»,- деди.

Эрдоган Аккуюу атомдук күч станциясынын эң алдыңкы деңгээлде коопсуздук системалары менен камсыздалгандыгын жана Эл аралык атом энергетикасы агенттигинин стандарттарына  ылайыктуулугуна көңүл бурулганын да айтты.

Президент Эрдоган Аккуюу атомдук күч станциясынын  жылдык 35 миллиард киловат саат электр өндүрүп Түркиянын муктаждыгынын 10 пайзына жакынын камсыз кыларын белгиледи.

Эрдоган  сөзүндө Түркиянын саламаттык сактоо инфраструктурасынын жардамы менен түзүлгөн бөгөтсөз жана ишенимдүү туризм түшүнүгү менен бул жылы да орус конокторун тосуп алууга даяр экендигин айтты.

Путин да : «Биргелешкен долбоорубуз Аккуюу атомдук күч станциясында жаңы бир мезгил башталууда. Долбоордун ишке ашырылышы Түркиянын энергетика коопсуздугуна олуттуу салым кошот жана экономикасын дагы да күчтөндүрөт. Аккуюу атомдук күч станциясы долбоорунда тыгыз коопсуздук чараларына баш ийилип, долбоордун экология досу болушу үчүн колубуздан келгенди аткаруудабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар