Президент Р. Т. Эрдоган аялдарды 8 - Март майрамы менен куттуктады

Президент Эрдоган куттуктоосунда : «Сүйүүсү менен  эмгеги менен адамзаттын үмүтү болгон бардык аялзатын 8-Март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм, - деп билдирди.

1596888
Президент Р. Т. Эрдоган аялдарды 8 -  Март майрамы менен куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган : «Аялдарга карата бардык физикалык жана психикалык  зомбулук жана басмырлоону   адамзаттык кылмыш катары дагы бир жолу катуу түрдө айыптаймын»,- деди.

Президент Эрдоган  8 -  Март  аялдардын эл аралык  күнүнөн улам куттуктоо жарыялады : «Сүйүүсү менен  эмгеги менен адамзаттын үмүтү болгон бардык аялзатын 8-Март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм, - деди.  

Үй-бүлө жана коомдук түзүлүштүн негизги түркүгү болгон аялдардын билимден искусствого, экономикадан саясатка чейинки бардык тармактарга дагы көп  катышуусуна өзгөчө маани бергендигин баса белгилеген Эрдоган: «Өлкөбүздү өнүккөн деңгээлге жеткирүү, максаттарыбызга жетүү үчүн аялдар менен эркектер менен  бир улут катары алдыга карай жылабыз. Тарыхыбызда турмушубуздун бардык тармагында алдыңкы орунда турган, бүгүн да күрөшү жана ийгиликтери менен үлгү болгон бардык аялдарыбыз менен сыймыктанам. Басмырлоо, зомбулук, үй  - бүлө, билим берүү, иш жана коомдун турмушунда аялдарыбыз бетме  - бет келген маселелердин чечилиши үчүн бир топ укуктук жана башкаруу реформасы менен  түзөтүүлөрдү  турмушка ашырдык. Аялга  карата бардык физикалык жана психикалык зомбулук жана басмырлоону адамзаттык кылмышы катары дагы бир жолу катуу түрдө айыптаймын. Аялдарыбыз зомбулукка дуушар болбой турган бир чөйрөнү түзүү үчүн кылган аракеттерибизди чекиндүүлүк жана жоопкерчилик менен улантабыз»,- деди.

Билдирилген  Адам укуктары кыймыл планында аялга карата зомбулук менен күрөшүүнү күтчөндүрө турган кадамдарга орун беришкендерин эске салган президент Эрдоган куттуктоосунда : «Бир тараптан үй  - бүлө түзүлүшүбүздү  ачууну максат кылган бардык демилге жана дискурстарга да каршы турууну, аял жана эркек бир бүтүн катары үй  -  бүлөнүн ыйыктыгын коргоону улантабыз. Ушул себеп менен 8 -  Март   аялдардын эл аралык  күнүн дагы бир жолу куттуктап, аманаттарыбызга, жубайларыбызга, кыз балдарыбызга бир туугандарыбызга, өлкөбүздөгү жана дүйнөдөгү бардык  аялдарга сүйүү жана урмат менен салам жолдойм», - деп билдирди.



Тектеш кабарлар