ПКК / ЙПГнын мүчөсү 3 террорист 2 миллион доллар менен кармалды
Кармалган акчалар Манбиж аймагындагы террордук уюмга жеткирилүү алдында тургандыгы белгилүү болду.
Түркия-Сирия чек ара тилкесиндеги Чобанбейде жикчил террордук уюм ПКК / ЙПГнын мүчөсү 3 террорист, уюмга жиберилген 2 миллионго жакын доллар менен кармалды.
Сириянын түндүгүндө кызмат кылган коопсуздук күчтөрү жөнүндө маалыматты террордук уюм ПККга өткөрүп берүүгө жана уюмга каржы булактарын камсыз кылууга аракет кылган уюмдун эки мүчөсү болжол менен 2 миллион долларды тапшыруу үчүн Чобанбей аймагына келишти.
Килис облустук жандармерия командирлигинин Терроризмге каршы күрөшүү жана чалгындоо бөлүмүнүн топтору акчаны алууга келген террордук уюмдун мүчөсү менен бирге 3 террористти кармады.
Кармалган акчалар Манбиж аймагындагы террордук уюмга жеткирилүү алдында тургандыгы белгилүү болду.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдоган Энелер күнүнө карата билдирүү жарыялады
Президент Режеп Таййип Эрдоган бардык энелерди «Энелер күнү» менен куттуктады.