Эрдоган "Көгүлтүр Мекен-2021" машыгуусуна түз байланыш менен катышат

Машыгууга 87 кеме, 27 учак жана 20 тик учак катышууда.

1596160
Эрдоган "Көгүлтүр Мекен-2021" машыгуусуна түз байланыш менен катышат

Деңиз күчтөрү командачылыгынын пландуу машыгууларынын бири болгон "Көгүлтүр Мекен-2021" машыгуусу Эгей деңизинде жана Жер Ортолук деңизинде уланып жатат. 25-февралда башталган машыгуу эртең аяктайт.

Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) билдирүүсүнө караганда, " Көгүлтүр Мекен-2021 машыгуусунун" негизинде Деңиз күчтөрүнүн командачылыгына караштуу штабдын, бөлүктөрдүн жана кемелердин даярдыгына баа берүү максатталган.

Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн түз байланыш менен катыша турган машыгуу эртең аяктайт.

Элементтердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга багытталган машыгууга 87 кеме, 27 учак жана 20 тик учак катышууда. 

Учкучсуз учуучу аппараттардын деңиз операциялык аянтчасында ыкчам жана тактикалык деңгээлде колдонулушу камсыздала турган машыгууда, чыныгы иштөө чөйрөсүн түзүү максатында жогорку ылдамдыктагы учкучсуз аппараттар бута катары колдонулган суунун үстүнөн жана абадан коргонуу атуулары ишке ашты.



Тектеш кабарлар